Назарбаев казакстандыктарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды
Казакстандын биринчи президенти, Мамлекеттик кеңештин башчысы Нурсултан Назарбаев 8-апрелде өлкө жарандарына кайрылуу жасап, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Ошол эле маалда ал популисттик жана кишилерди кайраштырган сөздөрдөн оолак болууга үндөдү.
Нурсултан Назарбаев жаңы коронавирус пандемиясы мамлекеттер аралык мамиленин форматын өзгөртөт деп эсептейт. Ал кечээ эле өз ара душман болгон, санкцияларды киргизген өлкөлөр бүгүн бири-бирине кол сунуп жардам берип жатканын мисал келтирди.
Казакстандын биринчи президенти пандемиядан улам оор абал жаралганын, бирок өлкө бул кырдаалдан элдин чыдамкайлыгы, туруктуулугу, эрктүүлүгү менен чыгып кетерин билдирди. Назарбаевдин айтымында, бул үчүн каржы, материалдык ресурстар, техника, азык-түлүк запасы жетиштүү.
"Кыйын күндөрү кол куушуруп дүйнө кыдырбай, өлкөнүн келечеги жана жаңы муун үчүн көп жыл мурун Улуттук фондду жана өлкөнүн алтын валюталык резервин түзгөнбүз. Учурда 90 миллиард АКШ доллары топтолгон. Эгер бул каражатты жөндүү жана сарамжалдуу колдонсок, бул башыбызга түшкөн бурулуш күндөрдөн, олку-солку абалдан татыктуу чыгып кетүүгө жол ачат”,– деди Назарбаев.
Казакстанда 8-апрель күнү түшкө чейин вирус жуктурган кишилердин саны 709га жетти, 51 адам айыкты, алтоо көз жумду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52