KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 8 жаран кармалды

Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 8 жаран кармалды

Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 8 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Ал белгилегендей, облус аймагында бир күн ичинде 15 кылмыш катталып, алардын дээрлик баарынын бети ачылды. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок.

"Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 8 жаран кармалды: Жалал-Абад шаарында – 6, Сузакта – 2 адам. Ошондой эле күндүзгү профилактикалык иштердин жүрүшүндө милиция бөлүмдөрүнө 76 киши жеткирилип, алар түшүндүрүү иштеринин кое берилди", - деди ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-апрелге карата коронавирус жуктурган 69 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 216га жетти. Алардын ичинен 33 адам коронавирустан айыкты – 23 адам ооруканадан бүгүн чыгарылат. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13