Мунай маселеси боюнча онлайн конференция кийинкиге жылды
Сауд Арабиясы менен Орусиянын энергетика министрлери — Абдулазиз бин Салман аль-Сауд жана Александр Новак.
Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн 6-апрелге белгиленген онлайн конференциясы кийинкиге жылдырылды. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, жыйын 8-апрелде же 9-апрелде өтүшү мүмкүн.
Конференциянын жылдырылышы Эр-Рияд менен Москванын мунай өндүрүшүнө байланыштуу тил табыша албагандыгы менен түшүндүрүлүүдө.
Марттын башында Орусия мунай өндүрүүчүлөрдүн ОПЕК+ тобуна кирген өлкөлөр менен келишимди узартуудан баш тарткан. Анда Сауд Арабиясы COVID-19 пандемиясына байланыштуу экономиканы колдош үчүн мунай өндүрүшүн азайтууну сунуш кылган. Москва өндүрүштү чектөөгө негиз жок экенин билдирип, сунушка макул болгон эмес. Буга жооп катары Эр-Рияд мунайын арзандатып, өндүрүшүн күчөткөн.
Ишембиде мунайдын "Brent” үлгүсүнүн бир баррели 35 доллар болду. Былтыр жыл этегинде бул көрсөткүч 65 долларга жетип турган.
Ал ортодо АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон өлкөнүн мунай тармагын коргоо үчүн чийки мунайдын импортуна салык киргизиши мүмкүн экенин билдирди. Ал мындай кадамга АКШ эгер Орусия менен Сауд Арабиясы кара май өндүрүүнүн көлөмүн кыскартуу боюнча мунаса таппай, дүйнөлүк баа кескин түшүп кеткен шартта барышы ыктымал экенин кошумчалады.
Ошол эле маалда мунай өндүрүүчү тармактын өкүлдөрү Трампка салык салбоону суранган кат менен кайрылышты. Алардын эсебинде мындай кадам кара майга болгон баанын жогорулашына алып келет. АКШ мунайды Сауд Арабиясынан жана Орусиядан импорттойт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04