Ереванда оппозициячыл активисттер камалды
Армения бийлиги 17-июлда эртең менен полиция имаратын басып алып, адамдарды барымтага алган “Негиздѳѳчү парламент” кыймылынын активисттери менен сүйлѳшүүнү улантууда.
Армения полициясынын башчысынын орун басары Унан Погосяндын айтымында, аларды камакта жаткан оппозиционер Жирайр Сефилян жана анын бир нече шеригин бошотуу талабынан баш тартууга кѳндүрүүгѳ аракет кылып жатышат. Активисттер абакта отургандарды саясий туткун деп эсептештет.
Погосян кошумчалагандай, басып алуучуларды жок кылуу үчүн полициянын күчү жана каражаттары жетиштүү. Бирок чырды тынч бүтүрүүгѳ мүмкүнчүлүк бар болуп турганда сүйлѳшүүнү уланта берүү керек. Жекшембиде Ереванда оппозициянын ондогон тарапташы кармалганы кабарланды.
Эркиндик аянтында “Тур, Армения” жарандык кыймылынын үч активисти - Андриас Гукасян, Давид Санасарян жана Давид Ованнисян камакка алынды. Алар акция ѳткѳрүүнү кѳздѳп жаткан. Мындан тышкары полицияга оппозициянын дагы бир нече тарапташы жана улгайган жарандардын бир тобу жеткирилди. Алар оппозициянын чакырыгын угуп, аянтка келишкен. Акцияда түзүлгөн кырдаалдан чыгуу жолдору талкууланмак.
17-июлда Еревандагы кол салуудан кайгуул кызматынын башчысынын орун басары Артур Ваноян курман болуп, дагы үч кызматкер жарадар болду. Барымтага 6 полициячы алынды, арасында Армениянын полиция башчысынын орун басары Вартан Егиазарян жана Ереван полициясынын башчысынын орун басары Валерий Осипян дагы бар.
“Негиздѳѳчү парламенттин” ѳкүлдѳрү окуяны “ѳкмѳттү кулатып, саясий кѳз караштары үчүн камалгандарды бошотуу максатын кѳздѳгѳн козголоңдун башталышы” деп атады.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53