KELECHEK
rek

Абдикаримов Сабиржан Токтосунович Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри болуп дайындалды

Абдикаримов Сабиржан Токтосунович Кыргыз Республикасынын  саламаттык сактоо министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 1-апрелде кол койгон Жарлыктын негизинде, Абдикаримов Сабиржан Токтосунович Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык, Кыргыз Республикасынын  саламаттык сактоо министри болуп дайындалган.

Төмөндө анын өмүр баянын келтиребиз:

Абдикаримов Сабиржан Токтосунович

1959-жылы 20-декабрында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыркол айылында туулган.

Жогорку билимдүү, 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун санитардык врач адистиги боюнча аяктаган. 2011-жылы Президенттин алдындагы Башкаруу академиясын саясый менеджмент адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

— 1981-1987- жылдары — Республикалык санитардык-эпидемиологиялык станциянын санитардык врачы;

— 1987-1993- жылдары — КР Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык башкармалыгында врач-инспектор;

— 1993-1997- жылдары — КР Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык башкармалыгынын начальниги;

— 1997-2007- жылдары — КР Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы директору;

— 2007- 2010- жылдары — Мамлекеттик башкы санитардык врач, КР саламаттык сактоо министринин орун басары;

— 2010 — КР саламаттык сактоо министри;

— 2011-2012- жылдары — КР саламаттык сактоо министринин орун басары;

— 2012-2013- жылдары — КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин башкы директору;

— 2013-2016- жылдары — И.Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында кафедра башчы, окутуучу;

— 2016-2020- жылдары — КР Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча республикалык борборунун директору;

— 2020-жылдын апрели — КР саламаттык сактоо министри.

Медицина илимдеринин доктору.

Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

2019-жылдан тарта Жогорку аттестациялык комиссиянын эксперттик кеңешинин мүчөсү.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12