Филиппин президенти коронавирус жуктургандар каршылык көрсөтсө, атууга буйрук берди
Филиппиндин президенти Родриго Дутерте
Филиппин президенти Родриго Дутерте эгер коронавируска чалдыккан кишилер каршылык көрсөтүп, күч түзүм кызматкерлеринин өмүрүнө коркунуч жаратса, аларды “өлтүрө атууга” буйрук бергенин билдирди.
Дутерте теле аркылуу элге кайрылуу жасап жатып: "Менин полиция жана армияга берген буйругум: эгер кандайдыр бир маселе болсо, эгер алар силерге каршылык көрсөтүп, өмүрүңөр коркунучка кептелсе – өлтүрө аткыла. Бул түшүнүктүүбү? Өлтүрө аткыла”, – деди.
Ал бул талап карантинге жөнөтүлүп, бирок анын эрежесин сактабагандарга да тиешелүү экенин түшүндүрдү.
Президенттин маалымат кызматы саясатчынын сөзүндө кишилердин көңүлүн буруу үчүн "гипербола" (таасирдүү айтуу, ашыра айтуу) колдонулганын билдирди. Улуттук полициянын башчысы президенттин бул сөзү маселенин канчалык олуттуу экенин көрсөткөнүн, ошол эле маалда эч кимге ок атылбай турганын билдирди.
Филиппинде коронавирустан 96 киши өлдү, 2300 киши ооруну жуктуруп алды. Бирок өлкөдө тесттер жетишсиз болуп жаткандыктан, статистиканы так деп айтуу кыйын. Көз карандысыз басылмалар шаршембиде Филиппиндин борбору Маниладагы кедей райондордун жашоочулары бийликтен гуманитардык жардам сурап нааразылык акцияларына чыгышканын кабарлашты. Анын жыйынтыгында бир нече киши кармалган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52