АКШ чалгыны: Кытай коронавирус эпидемиясынын чыныгы масштабын жашырган
Кытай бийлиги өлкөдө коронавирус жуктургандар жана каза болгондор тууралуу чыныгы маалыматтарды жашырган. Бул тууралуу АКШ чалгынынын Ак үйгө жөнөткөн жашыруун баяндамасында жазылганын Bloomberg агенттиги кабарлады.
Басылма белгилегендей, өз булактар бул баяндама тууралуу кошумча маалыматтарды беришкен эмес.
Кытай бийлиги Ухань шаарында былтыр декабрда чыккан деп айтылган коронавирусту 82 миң адам жуктуруп, 3 300 киши каза болгонун билдирген.
АКШда бул илдетке 200 миңден ашык адам чалдыгып, каза болгондор 5 миңден ашты. АКШнын вице-президенти Майк Пенс шаршемби күнү CNN телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып: «Эгер Кытай ачыгыраак болгондо азыр абал кыйла жакшыраак болмок. Дүйнө жүзү коронавирус тууралуу билгенге чейин эле Кытай эпидемияга кабылганы көрүнүп турат», — деген.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп азырынча америкалык чалгындын бул баяндамасын окуй электигин, бирок Бээжиндин маалыматтары «толук эместей сезилип жатканын» айтты.
Акыркы күндөрү Ухандагы аза үйлөрү буга чейин болуп көрбөгөндөй табыт алганы, жакындарынын күлү үчүн келген адамдардын узун кезеги жөнүндө маалыматтар чыгууда. Мунун баары вирустан өлгөндөрдүн саны кыйла көп болгон деген шектенүүлөрдү жаратууда.
Айрым маалыматтар боюнча бул шаарда коронавирустан 40 миңден көп адам өлгөн болушу мүмкүн. Кытайдын расмий билдирүүсүндө калаада каза болгондордун саны 2 500 экени айтылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52