KELECHEK
rek

"Домодедово" аэропортунан 300дөй мигрантты кууп чыгышты

Шейшемби, 31-мартка караган түнү формачан белгисиз кишилер Москвадагы "Домодедово" аэропортунан борбор азиялык 300дөй мигрантты кууп чыгышты, алардын арасында Тажикстан жарандары да бар.

Бул тууралуу тажикстандык журналист Галия Ибрагимова “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Анын айтымында, коронавирустан улам чек аралар жабылгандыктан, мигранттар үйлөрүнө кете албай эки аптадан бери аэропортто турушкан. Фарух аттуу мигрант 31-мартта болгон окуяны видеого тартып, журналистке жөнөткөн:

«Бизди аэропорттон кууп чыгышты. Формачан кызматкерлер келип, баарын чогултууну сурашты. "Бүгүн кечинде учуп кетесиңер" деп убада беришти. Биз баарын чогулттук. 300дөй киши болду. Чогулган соң алар бизди көчөгө кууп чыгышты. Түнчүндө. Суук. "Мындан ары аэропортто турууга болбойт" дешти. Кууп чыгышты. Азыр кишилер көчөдө. Эмне кылышты билбейбиз», – деди ал.

Буга чейин «Настоящее Время» телеканалы да "Домодедово" аэропортундагы мигранттар жөнүндө репортаж жасаган.

Ара жолдо калган мигранттар Тажикстан элчилиги жана Орусия бийлиги аларга жардам көрсөтпөгөнүн, суу жана тамак-ашты аларга ыктыярчылар менен замандаштары алып берип жатканын айтышкан. Тажик бийлиги чартердик каттам уюштуруларын кабарлаган, бирок ал да ишке ашпай калган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...