KELECHEK
rek

Токаев: пенсия жана жөлөк пул 10% индексацияланат

Токаев: пенсия жана жөлөк пул 10% индексацияланат

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 31-мартта теле аркылуу элге кайрылуу жасап, пенсия, жөлөк пул жана жакыр жашагандарга берилүүчү социалдык жардам 10 пайызга индексация болорун билдирди. Анын айтымында, бул үчүн бюджеттен 200 миллиард теңге (444 миллион доллар) бөлүнөт.

Мындай чара улуттук валюта рекорддук деңгээлде кунун жоготкон жагдайда кабыл алынды. Акыркы үч жумада теңгенин долларга карата курсу 18 пайызга төмөндөгөн. 19-мартта карантинге жабылган Нур-Султан жана Алматы шаарларынын жашоочулары азык-түлүктүн айрым түрлөрү кымбаттаганын билдиришүүдө. Башка шаарларда көп балалуу үй-бүлөлөр жергиликтүү акимчиликтерге келишип, азык-түлүктөн жардам берүүнү талап кылышууда.

Токавев өзгөчө абал учурунда ишсиз калган үч миллионго жакын адам эң төмөнкү айлык акы көлөмүндө – 42 500 теңге (болжол менен 95 доллар) жардам аларын да айтты.

“Бул колдоого өзүн-өзү жумуш менен камсыздагандар менен расмий түрдө каттоодон өтпөй иштегендер да ээ болот. Көмөк тартип боюнча чындап эле муктаж адамдарга берилет”, – деди.

Казак президенти билдиргендей, биринчи, экинчи, үчүнчү топтун майыптары жана расмий түрдө жумушсуз катары каттоодон өткөн жарандар дагы бекер азык-түлүк алат.

1-июлга чейин милдеттүү медициналык кепилдиги бар-жогуна карабай, бардык жарандарга медициналык жардам көрсөтүлөт.

Казакстан президенти орто жана чакан бизнес өкүлдөрү үч ай – 1-апрелден тартып 1-октябрга чейин салыктан бошотуларын да белгиледи.

Казакстанда 1-апрелге карата 343 киши коронавирус жуктуруп алды. Илдет Костанай облусунан башка бардык аймакта тараган. Эки киши көз жумду.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38