
Өзбек пахтасы жүктөлгөн 150дөн ашык автоунаа грузин-түрк чек арасынан өтө албай турат

Грузин-түрк чек арасында өтө албай турган өзбекстандык айдоочулар
Грузин-түрк чек арасындагы «Сарпи» өткөрмө бекетинде Өзбекстандан бараткан 150дөн ашык жүк унаасы өтө албай турат.
Айдоочулардын айтымында, аларды Түркиянын аймагына карантинге байланыштуу киргизбей жатышат.
– Бүгүн бул жакта турганыбызга сегиз күн болду. Чек арадан Өзбекстандын номуру тагылган унаалар гана өткөрүлбөй жатат. Орусия, Грузия жана Азербайжандын айдоочулары тоскоолдуксуз кирип жатышат. Бизге күн сайын унаа токтотуу жайы үчүн акча төлөөгө туура келүүдө. Акчабыз аз калды», — деди айдоочулардын бири.
30-мартта ара жолдо калган айдоочулар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге видеокайрылуу жасашкан. Азырынча бийлик өкүлдөрү бул кайрылууга жооп бере элек.
Өзбекстандын Грузиядагы элчилиги өзбек пахтасы жүктөлгөн автоунааларды киргизүү тууралуу түрк бажысы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
COVID-19 инфекциясы дүйнөгө тездик менен жайылып жатканына байланыштуу Түркия марттын ортосунда 66 мамлекеттин жарандарынын өлкөгө кирүүсүн чектеген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04