KELECHEK
rek

Жон Керри: Түркиядагы төңкөрүш аракетине АКШнын катышы жок

Жон Керри: Түркиядагы төңкөрүш аракетине АКШнын катышы жок

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Түркия ТИМ башчысы Мевлют Чавушоглу менен сүйлөшүү маалында Кошмо Штаттарды Түркиядагы төңкөрүш аракетине катышы бар деп айыптоо эки тараптуу мамилеге доо кетирерин айтты. Бул тууралуу Reuters мамдепартаменттин расмий өкүлү Жон Кирриге шилтеме берүү менен билдирди.

«АКШ окуяны иликтөөдө Түркия бийлигине жардам берүүгө даяр экенин так түшүндүрдү. Бирок козголоңду уюштурууда Кошмо Штаттардын ролу бар экенин айдан ачык ырастоо эки тараптуу мамилелерди бузат», — деди Кирри.

Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө айтылгандай, Керри Анкараны сабырдуу болууга, кандуу окуянын жагдайларын иликтөөдө мыйзамдарды сыйлоого чакырды.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган 16-июлда америкалык кесиптеши Барака Обамадан динаятчы Фетхуллах Гүленди кайтарууга үндөгөн. Анкара аны аскердик төңкөрүш аракетине катышы бар деп айыптоодо. «Эгер биз стратегиялык өнөктөш болсок, биздин өтүнүчүбүздү канааттандыргыла. Биз деле силер сураган террорчуларды бердик», — деген өлкө башчысы.

Буга чейин АКШ мамкатчысы Жон Керри Гүлендин козголоңго катышы бар экенин ырастаган далилдер болсо, Вашингтон аны карап чыгууга даяр экенин билдирген.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12