KELECHEK
rek

Дүйнөдө COVID-19 жуктурган адамдардын саны миллионго жакындады

Дүйнөдө COVID-19 жуктурган адамдардын саны миллионго жакындады

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны бир миллионго жакындады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус акыркы бир жуманын ичинде бул илдеттен өлгөндөр эки эсеге көбөйгөнүн билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 932 миңден ашып, 47 миңге жакын киши каза болду. Дагы 194 миңге жакын адам айыкты.

Шаршемби күнү Улуу Британияда бир сутканын ичинде 4 300 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталып, 563 бейтап каза болгону кабарланды. Өлкө боюнча жалпысынан 29 миңден ашык адам илдетти жуктурса, алардын 2 300дөн көбү өлдү.

Италияда бир сутканын ичинде COVID-19 жуктуруп алган 4 800 адам аныкталып, 727 киши өлдү. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 110 миңден ашты, каза болгондор 13 155.

АКШда акыркы үч күндүн ичинде коронавирустан өлгөндөр эки эсеге көбөйүп, жалпы саны 4 800гө жакындады. Илдетти жуктуруп алгандар 212 миңден ашты. Кошмо Штаттардагы пандемиянын очогу болуп эсептелип жаткан Нью-Йорк шаарында 1000ден көп киши каза тапты. Өлкө президенти Дональд Трамп жакынкы эки апта оор болушу мүмкүн экенин эскертти. «Мен ар бир америкалык алдыдагы оор күндөргө даяр болушун каалайм. Алдыда бизди эң кыйын эки апта күтүп турат», - деди Трамп.

Коронавирус алгачкы жолу өткөн жылы декабрда Кытайдын Ухань шаарында катталган. Кытай бийлиги акыркы жумаларда өлкөдө бул илдетти жуктурган адамдардын саны кыйла азайганын билдирди. 1-апрелде Бээжин бир сутканын ичинде Кытайдын материк бөлүгүндө вирус жуктурган 36 жаңы учур катталганын, алардын 35и чет өлкөдөн келген адамдар экенин кабарлады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38