Кыргызстан миллиондорунун Орусиядагы изи
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы беш жыл ичинде Орусияга 170 миллион долларды мыйзамсыз чыгарып кеткен эки кишини кармап, кылмыш ишин козгоду. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Кыргызстандан Орусияга 170 миллион доллар (болжол менен 11 млрд 390 млн сом) кылмыштуу жол менен чыгарылып кеткенин аныктады.
Мекеменин маалымат катчысы Азамат Шейшеевдин “Азаттыкка” ырасташынча, кармалгандардын бири Д.Н. аттуу жаран Финансы министрлигинин кызматкери болгон.
- Эки адам кармалып, бирөө тергөө изоляторунда отурат. Экинчиси үй камагында. Чыгарылып кеткен акча 170 миллион долларды түзөт. Кандай жол менен чыгарып кеткени тергөө иштери менен такталып жатат. Шектүүлөрдүн бирөө 2004-жылдан 2016-жылдын башына чейин Каржы министрлигинде иштегени аныкталды. Экинчи адам аны менен байланышта болгон.
Кармалган эки кишиге мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу беренелери боюнча иш козголду. Тергөөнүн маалыматы боюнча ири өлчөмдөгү шектүү каражаттар 2011-жылдан 2016-жылга чейин “Манас” аэропорту аркылуу Орусияга чыгарылган. Бул ишке айрым коммерциялык банктардын да катыштыгы бар экени айтылууда.
Каржы министрлиги шектүү жарандын аталган мекемеде иштегени белгисиз экенин айтууда. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын аты-жөнү ачыкка чыга элек, ортодо фамилияларын өзгөртүүгө үлгүрүшкөн. Финансы министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Гүлмира Түгөлбаеванын айтымында, кызматкердин министрликте иштебей калганына жарым жылдан ашты. “Эгерде учурда иштеп жаткан болсо териштирмекпиз. Анын үстүнө анын 2016-жылдын январына чейин иштегени айтылып жатат. Жарым жылда министрликке кимдер келип, кимдер кетип жатканын биз билбейбиз”,-деди ал.
Кылмышка шектүүлөр кайсы каражатты чыгарып кеткени аныктала элек. Алдын ала маалымат боюнча, чет өлкөлөрдөн табылган арам акча Кыргызстан аркылуу адалданган болушу мүмкүн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05