Казакстан коронавирустун кесепеттерин азайтуу үчүн Улуттук фонддун 4 млрд долларын пайдаланат
Казакстан өкмөтү антикризистик чаралардын алкагында Улуттук фонддун кирешелерин колдонууну көбөйтүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Фондго пайдалуу кендерди сатуудан түшкөн кирешелер топтолгон.
Өлкөнүн маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаевдин билдиришинче, фонддон кошумча 1,8 триллион теңге (төрт миллиард долларга жакын) алынат. Каатчылык менен күрөшүүгө жалпысынан төрт триллион теңге зарыл. Калган 2,1 триллион теңге бюджеттен каралат. Буга чейин министр каатчылыкка каршы чаралар үчүн Улуттук фонддон кошумча каражат алынбай турганын маалымдаган.
Казакстан бийлиги коронавирустун жайылышын басаңдатуу үчүн алты ири шаарда чектөөлөрдү киргизген.
Карантин жарыяланган Нур-Султан жана Алматы шаарлары 19-марттан бери жабык. Бүгүн, 30-марттан тартып 5-апрелге чейин мамлекеттик органдар, азык-түлүк дүкөндөрү, дарыканалар жана коммуналдык кызматтар гана иштейт, калгандары жабылат. 28-мартта бийлик коомдук жайларда үч кишиден ашык чогулууга тыюу салган. Бул арада коомдук транспорттордун каттамын да азайтуу пландалууда.
Казакстандын Саламаттык сактоо министриги билдиргендей, 30-мартта өлкөдө коронавирус жуктурган кишилердин саны 294кө жетти. 20 киши айыкты, бир аял көз жумду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52