Казакстанда калк жыш отурукташкан аймактар карантинге жабылышы мүмкүн
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн калк жыш отурукташкан аймактарын карантинге жабуу зарылдыгын айтты. Бул тууралуу 23-мартта Нур-Султанда өткөн өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында белгилүү болду.
Президенттин пикиринде, Нур-Султан жана Алматыны толугу менен курчап, шаарга жөө кирүү мүмкүндүгүн бөгөттөө керек. Мындан тышкары жакын арада калк жыш отурукташкан башка аймактарды дагы жабуу маселесин кароо зарыл.
«Ушул тапта карантин чаралары өтө кеч киргизилген өлкөлөрдө илдет көп катталып жатат. Инфекциянын тездик менен жайылышын токтотуу үчүн изоляция чараларын күчөтүү зарыл. Башка өлкөлөрдөн келип жаткан оң жана терс маалыматтарды эске алуу менен медициналык системабызды бардык кырдаалга даярдоону улантуу керек», – деди Токаев.
Президент карантиндеги талапты аткарбаган кишилерди жазалоо зарылдыгын да белгиледи.
Казакстанда 23-мартка карата 62 киши коронавирус илдетине чалдыкты. Алардын көбү Алматы жана Нур-Султан шаарларында.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52