
Эмомали Рахмон: 40тан ашык тажик окумуштуусу плагиаттык кылган

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөдөгү 40тан ашык окумуштуу «Диссернет» порталы тарабынан плагиаттыкка айыпталганына нааразылыгын билдирди.
«Айрым тажик изденүүчүлөрү чет өлкөлүк окумуштуулардын илимий эмгектерин кеңири колдонуп, жеңил жолду тандап алышканы анык болду. Бул илимий жетекчилеринин шалаакылыгы, изденүүчүлөрдүн даярсыздыгынан болуп жатат. Акыркы жылдары жетекчи кызматтардагы адамдар ишмердүүлүгүнө байланышпаган адистиктер боюнча диссертацияларды жактап, илимий даражаларды алган учурлар көбөйүп жатат», - деди Рахмон.
Президент мындай жетекчилер алгач кызматтан кеткендиги тууралуу арыз жазып, андан кийин гана илимий ишмердүүлүк менен алектениши керектигин белгиледи.
2018-жылы жазында «Диссернет» порталы Тажикстандагы аткаминерлердин, ишкана жетекчилеринин жана педагогдордун илимий эмгектерине анализ жүргүзүп, аларды плагиаттыкка айыптаган.
Алардын арасында жакында эле Тажикстан Улуттук университетинин ректору болуп дайындалган Кобилжон Хушвахтзода, өлкөнүн билим берүү министринин жаңы орун басары Нурали Собирзода жана Тажикстан президентине караштуу Билим берүү тармагын көзөмөлдөө боюнча агенттиктин жаңы директору Шохин Саидзода болгон. Мындан тышкары жакында эле вице-премьер кызматына дайындалган Давлатшо Гулмахмадзода да плагиаттыкка айыпталган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04