KELECHEK
rek

Алматыда COVID-19 жуктуруп алган адам жашаган турак-жай комплекси курчоого алынды

Алматыда COVID-19 жуктуруп алган адам жашаган турак-жай комплекси курчоого алынды

18-март күнү кечинде Алматыдагы «Сункар» турак-жай комплекси курчоого алынып, жашоочуларына 15 күн сыртка чыгууга тыюу салынды. Буга андагы тургундардын биринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталгандыгы себеп болду.

Vласть интернет журналы шаар акиминин орун басары Ержан Бабакумаровго шилтеме кылып, вирус аныкталган адам үй карантинине алынып, илдеттин башкаларга жугуу тобокелдиги жогору болгондуктан, тургундардын сыртка чыгуусуна чектөө киргизилгенин жазды.

19-марттан тарта Алматы жана Нур-Султан шаарларында коронавируска байланыштуу жарыяланган карантин күчүнө кирди. Карантин маалында азык-түлүк сатылбаган базарлар, соода үйлөрү жана көңүл ачуу жайлары убактылуу ишин токтотот деп күтүлүүдө. Мындан тышкары бийлик 22-марттан тарта аба жана темир жол байланыштарын да толук токтотууга ниеттенип жатат.

Казакстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алган адамдардын саны 36га жетти. Алардын сегизи Нур-Султанда, дагы сегизи Алматыда катталган.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 218 миңден ашып, каза болгондор тогуз миңге жакындап калды. Илдеттен 84 миң киши айыкты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52