Президент Сооронбай Жээнбеков: Биз атамекендик продукцияларды чет өлкөлөрдүн базарларына чыгаруу үчүн шарттарды түзүүнүн үстүндө активдүү иштерди улантабыз
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-мартта, Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында бул аймактагы инфратүзүм жана айыл чарба долбоорлору менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Баткен шаарындагы логистикалык борбордун, сүттү, өрүктү кайра иштетүү ишканаларынын, айнек, темирбетон заводдорунун жана мал союучу жайдын курулуш долбоорлору менен таанышты.
Бул аталган долбоорлорду Баткен шаарынын өндүрүш аймагынын территориясында жүзөгө ашыруу мерчемделүүдө.
Баткен шаарында логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоордун жалпы баасы 46,5 млн сомду түзөөрү белгиленди. Анын курулушуна Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан жарым-жартылай каражат тартуу болжолдонууда. Долбоорду 2021-жылы бүткөрүү пландаштырылган. Аталган логистикалык борборго 1000 тоннага чейинки көлөмдөгү ар кандай продукцияларды сактоого болот.
Өрүктү кайра иштетүү боюнча ишкананын курулушун бүткөрүү үстүбүздөгү жылга, ал эми сүттү кайра иштетүүчү ишкана, айнек заводу жана мал союучу жайдын курулуштарын бүткөрүү 2021-жылга, темирбетон заводунун курулушун бүткөрүү 2022-жылга белгиленген.
Мамлекет башчысы жергиликтүү эл менен болгон сүйлөшүүлөрүндө жер-жерлерде ишкерлерди колдоо, атамекендик продукцияларды чет өлкөлүк базарларга чыгаруу үчүн тиешелүү инфраструктураларды түзүү, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукцияларынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жана алардын сапатын көтөрүү зарылдыгын баса белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында ишканаларды ачуунун, аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүүнүн жана атамекендик продукцияларды экспортко чыгаруунун үстүндөгү иштер активдүү улантыла тургандыгына токтолду.
Андан ары Мамлекет башчысы Дүйнөлүк банктын көмөгү менен «Борбордук Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуу программасы» долбоорунун алкагында өткөрүлүп берилген жол тейлөө техникаларын көрүп чыкты.
Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банкка аталган долбоорду ишке ашырууга көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Жол тейлөө тармагына жалпы баасы 3 млн АКШ доллар суммасындагы 46 даана жол тейлөө техникасы берилди.
Жол инфраструктурасын жакшыртуу, автожолдорду куруу жана реконструкциялоо өлкө аймактарын өнүктүрүүнүн ажырагыс бир бөлүгү болуп саналаары белгиленди.
Президент Сооронбай Жээнбеков транспорт түйүндөрүн модернизациялоо аймактардын экономикалык потенциалынын ачылышына шарттарды түзөөрүн кошумчалады.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12