KELECHEK
rek

Путин менен Эрдоган 5-мартта Москвада жолугат

Путин менен Эрдоган 5-мартта Москвада жолугат

Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган. 8-январь 2020-жыл

Орусия жана Түркия президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган 5-мартта Москвада жолугушат. Бул маалыматты Кремль менен түрк президентинин администрациясы ырастады.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери Сириянын Идлиб аймагындагы абалды талкуулашат. Акыркы күндөрү бул аймакта түрк аскерлери менен Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн ортосундагы куралдуу кагылышуулар уланууда.

Сириядагы согушта Орусия президент Башар Асадды, Түркия куралдуу оппозицияны колдоп келет. 2018-жылдын сентябрь айында Түркия менен Орусиянын лидерлери Идлибди деэскалация аймагына айландырууну, бул провинцияда атышууну токтотууну макулдашкан. Бирок Башар Асаддын армиясы былтыр жыл аягында Идлибге кайрадан сокку ура баштаган. Бул чабуулдар маалында Түркиянын көзөмөл пункттарына да ок тийип, бир нече түрк аскери мерт болгон. Буга жооп катары Анкара Идлибге кошумча күчтөрүн киргизип, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө сокку ура баштаган. Жекшемби күнү Түркиянын Аскер-аба күчтөрү Сириянын Су-24 үлгүсүндөгү эки учагын атып түшүргөн. Көп өтпөй Орусия мындан ары түрк учактарынын Сириянын аба мейкиндигиндеги коопсуздугуна кепилдик бере албай турганын билдирген.

Расмий маалыматтарга караганда, февралда Сирияда 50дөн ашык түрк аскери каза болду. Анкара жооп катары аба соккуларын жасап, Асад армиясынын жүздөгөн жоокери өлтүрүлгөнүн билдирүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52