
Баяндама: Кытай уйгурларды фабрикаларда мажбурлап иштетүүдө

Шинжаңдагы лагерлердин бири
Кытай бийлиги «кесипке үйрөтүү борборлору» деп аталган жайларда күч менен кармалып турган жүздөгөн мусулманды белгилүү бренддердин продукцияларын өндүргөн фабрикаларда иштөөгө мажбурлап келет. Бул тууралуу Австралиядагы стратегиялык саясат институтунун (ASPI) баяндамасында жазылган.
Авторлор кытай өкмөтүнүн документтерине жана басылмалардагы маалыматтарга таянып, Шинжаң-Уйгур автоном районунун бийлиги лагердеги адамдарды ишканаларда иштөөгө мажбурлап жатканын жазышкан. Алардын айтымында, жалпысынан 80 миңден ашык уйгур улутундагы адам кеминде 29 фабрикада иштешет.
Аталган фабрикаларда өндүрүлгөн продукциялар жеткириле турган компаниялардын тизмесинде Apple, BMW, Nike, Samsung, Sony, Volkswagen жана башкалар бар. Reuters агенттиги учурда бир катар компаниялар бул билдирүүлөрдү текшерип жатышканын жазды.
Дүйшөмбү күнү Кытайдын Тышкы иштер министрлиги баяндамадагы маалыматтарды четке кагып, авторлордун максаты — Бээжин тарабынан көрүлүп жаткан «антитеррористтик чараларды» жаманатты кылуу экенин билдирди.
Кытай бийлиги Шинжаң аймагындагы ислам динин туткан аз улут өкүлдөрү кармалып турган жайларды кесип үйрөтүүчү борборлор деп мүнөздөп келет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04