Казакстан Иран менен аба каттамын токтотту
1-марттан тарта Казакстан коронавируска байланыштуу Иран менен аба каттамын токтотту. Мындан тышкары Азербайжан, Түштүк Корея, Жапония менен болгон аба каттамдарынын саны кыскартылды. Бул тууралуу Казакстан премьер-министринин орун басары Ералы Тугжанов билдирди.
— Азербайжан менен аба байланышы жумасына он бештен үчкө чейин кыскарды. Себеби Иран жана Азербайжан жарандары Баку аркылуу Казакстанга келишчү. Коңшу өлкөлөрдөгү маселелерди билесиңер, ошондуктан ушундай чара колдонулууда, — деди Ералы Тугжанов.
Мындан тышкары Түштүк Корея менен болгон авиакаттамдар жумасына тогуздан үчкө чейин азайтылды. 5-марттан тарта Нур-Султан – Токио аба каттамдарын жумасына экиден бирге түшүрүү пландалууда.
Ирандын Саламаттык сактоо миинстрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө бир суткада коронавирус инфекциясын 385 адам жуктуруп алды, илдетке чалдыккандардын жалпы саны – 978. Өлгөндөрдүн саны 54кө жетти.
Дүйнөдө коронавирус жугузуп алгандардын саны 89 миңден ашты. COVID-19 инфекциясы 3046 кишинин өмүрүн жалмады. Аны жугузуп алган 45 113 адам сакайды. 2019-жылдын декабрында Кытайдан чыккан бул оору 63 өлкөгө тарады.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









