KELECHEK
rek

“Хизб-ут-тахрир” диний экстремисттик агымынан баш тарткандар көбөйүүдө

“Хизб-ут-тахрир” диний экстремисттик агымынан баш тарткандар көбөйүүдө

Сузак районунун 1967-ж.т. К.Р. аттуу тургуну 20 жыл мурун “Хизб-ут-тахрир” диний экстремисттик агымына кирип, жакында ал уюмдан өз каалоосу менен баш тартты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүнү ишке ашыруу жөнүндөгү 2017-2022-жылга кабыл алынган программасын аткаруу максатында Жалал-Абад ОИИБнин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан областтын аймагында диний экстремизм, радикализм жана терроризмдин түшүнүктөрү ошондой эле өзгөчөлүктөрү жөнүндө, тактап айтканда ислам динине жамынган радикалдуу агымдардын пайда болуусу жана көбөйүүсү тууралуу коомчулуктун арасында жана каттоодо турган атуулдар менен алдын алуу жана түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

Жогорудагы иштердин натыйжасында Сузак районунун 1967-ж.т. К.Р. аттуу тургуну 20 жыл мурун “Хизб-ут-тахрир” диний экстремисттик агымына кирип, бир канча жыл идеяларын колдоп, китептерин окуп келген. Бүгүнкү күндө ал буга чейинки кадамдары туура эмес экендигин түшүнгөн жана ал идеяны колдоодон баш тарткан. Ошондой эле ал өз сөзүндө “Хизб-ут-тахрир” диний экстремисттик агымы туура эмес экендигин белгилеп, 5 жыл мурда анын үй-бүлөсү (аялы, баласы, небереси) Сирия мамлекетинде болуп жаткан согуштук аракеттерге катышуу үчүн чагымчыл күчтөрдүн аракети менен азгырылып кетип калгандыгын айтып өткөн. Азыркы күндө үй-бүлө мүчөлөрү Ирак мамлекетиндеги качкындар лагеринде кармалып тургандыгын айтып, ал элдерди, өзгөчө жаштарды экстремисттик жана террористтик чагымчыл күчтөргө азгырылбастан, туура диний көз карашты карманууга чакырып өттү.

Жалал-Абад ОИИБнин ЭММКАКнын маалыматына ылайык, областтын аймагында “Хизб-ут-тахрир” диний экстремисттик агымынын идеяларын колдогон 500дөн ашуун жаран катоодо турат. Ал эми Сириядагы согуштук аракеттерге кеткен 117 адам аныкталып, алардын ичинен 12си өз мекенине кайтарылган. 

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13