ЖАМУнун СТУДЕНТИ Э. СЕКСЕНБАЕВ МЫКТЫ СПОРТЧУ АТАЛДЫ
“Алыш” күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону, ЖАМУнун студенти Элдияр Сексенбаевди окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов кабыл алып, жеңиши менен куттуктады.
“Кыргызстандагы биринчи кыргызча спорттук сайты тарабынан олимпиадалык спорт түрлөрү, олимпиадалык эмес спорт түрлөрү, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында, Мыкты команда, Улуттук спорт, Мыкты спортчу айым, Жыл жаңырыгы боюнча “Мыкты спортчу” номинациясына интернет добуш берүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгы 27-февраль күнү чыгарылып, интернет добуш берүү жана эксперттик комиссиянын тандоосу менен улуттук спорттун түрү боюнча 2086 добуш алып жеңүүчү аталдым ” - дейт Э.Сексенбаев.
“Сенин ар бир жараткан ийгилигиң жалпы биздин окуу жайдын жетишкени деп сыймыктануу менен кабыл алабыз. Жакында Көчмөндөр оюнуна катышуу үчүн жолдомо алууга сапар тартуу алдында турасың. Өзүмдүн жана жалпы жамааттын атынан ийгилик каалайм” – деди ректор Кеңешбек Усенов.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылы Көчмөндөр оюну Турция мамлекетинде өткөрүлөт. Улуттук алыш күрөшү боюнча 70 кг салмакта күч сынашмакчы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20