KELECHEK
rek

Коомдук ишмер С.Бекботоев: “Азимжан Аскаровдун орду эркиндикте эмес, түрмөдө”

Коомдук ишмер С.Бекботоев: “Азимжан Аскаровдун орду эркиндикте эмес, түрмөдө”

Бүгүн, 15-июль күнү Жалал-Абад облусунун бир нече тургуну журналисттер үчүн маалымат жыйын уюштурушуп, 2010-жылдын Июнь окуяларына күнөөлүү деп табылып, өмүрүнүн акырына чейин кесилген Азимжан Аскаровдун иши кайрадан сотто каралып жатканына өздөрүнүн нааразычылыктарын билдиришти.

Жалал-Абад шаарынын тургуну, коомдук ишмер Сарымсак Бекботоевдин айтымында, Кыргызстан Борбордук Азия чөлкөмүндө демократия жолунда бараткан мамлекет. Андыктан, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин Азимжан Аскаровдун мыйзамсыз камалганы жөнүндө берген сунушу биздин мамлекет үчүн түз аткарылышы шарт эмес.

- Анткени, бизди бардык күчтүү мамлекеттер демократия жолунда бараткан укуктук мамлекет катары тааныйт. Сырттан туруп биздин ички ишибизге, сот бийлигине ишеним көрсөтпөй, көлөкө түшүргөн мындай жагдайларды коомчулук албетте, четке кагат. Себеби, Азимжан Аскаровду 2010-жылы июнь окуясында миңдеген адамдардын жаракат алышы менен коштолгон кандуу окуяга бирден-бир себепкер катары биз билебиз. Коомчулук гана эмес, 3 соттук инстанцияда оор кылмышкер деп табылган. Ошол себептен, Азимжан Аскаровдун орду эркиндикте эмес, түрмөдө. Кыргызстанда жашап жаткан эл, айрыкча түштүк эли эч качан Азимжан Аскаровдун бошотулушуна жол бербейт. Ал үчүн биз бардык күч-аракетти жумшайбыз, - дейт С.Бекботоев.

Коомдук ишмердин пикиринде, Кыргызстан кичине, же чоң мамлекет экенине карабай, демократия жолунда бара жаткан мамлекет катары Германия канцлери Ангела Меркелдин иш сапары менен келиши буга далил болуп бере алат.

 “Ошондуктан, биз коомчулук мамлекет жетекчисинен, сот органдарынан суранат элек, ушул үч инстанциядан каралып, оор кылмышкер аталган адамдын эч качан эркиндикке чыгарып жибербесе экен. Прокуратура органдары тергеп, А.Аскаровдун күнөөсүн далилдеп беришкенден кийин кайра аны сотто териштирип, кароонун зарылдыгы деле жок болчу”, - деди С.Бекботоев.

Ал эми Базар-Коргон районунун тургуну, “Элим-Жерим бир” коомдук бирикмесинин мүчөсү Таалайбек Төрөгелдиевдин айтымында, аталган уюмдун мүчөлөрү Азимжан Аскаровдун иши кайрадан сот органдары тарабынан каралып жатышына карманча каршы болуп жатышат.

- Кыргызстанда 2010-жылдын июнь окуясында болгон окуяга А.Аскаровдун тиешеси болгон. Ал окуяда миңдеген адамдар жаракат алышкан. Бир эле улут эмес, өзбек, кыргыз улуту да жапа тартты. Эми 6 жыл отургандан кийин, аны күнөөсү жок деп эркиндикке чыгарып коюу Батыштын же АКШ Департаментинин иши эмес. Биздин мамлекет башчылар да эми анын ишин кайрадан карап жатышат. Кыргыз мамлекети чоң мамлекет, аянты кичине болсо да, элинин саны аз болсо да, Америкадай эле көз карандысыз мамлекетбиз. Дүйнөдө 12 империя өткөн болсо, ошол каганаттын бири кыргыздар болгон. Эми биз башка улуттарды да сыйлайбыз, бирок Азимжан Аскаровдун камактан чыгып кетишине, кимдир бирөөнү бошотуп жибергенге каршыбыз. Санпа окуясына тиешелүү болгон Шам дегенди соттор чыгарып жиберишкен. Президент да биздин сөздү укса, ушул сотторду карап коюшу керек. Эки эл кылымдар боюу ынтымакта жашап келген. Бузукулардын айынан чоң-чоң жоготууларга кабылып жатабыз, - дейт Т.Төрөгелдиев.

Ошондой эле, Базар-Коргон районунун тургуну, “Элим-Жерим бир” коомдук бирикмесинин мүчөсү Жунус Өсөров да жогоруда айтылган пикирлерге кошулуу менен Азимжан Аскаровдун камактан чыгышына караманча каршы экендигин билдирди.

Буга чейин бир катар укук коргоочулар А.Аскаровго кыйноолор колдонулуп, анын күнөөсү күч менен моюнуна алдырганын айтып келишкен. Үстүбүздөгү  жылдын 21-апрелинде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин Аскаровду соттон актап, камактан бошотууга чакырган. Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого Чүй облустук сотуна жөнөттү.

Коомдук ишмер С.Бекботоев Чүй облустук соту ишти карап жатканда Азимжан Аскаровдун күнөөсү тергөө органдары тарабынан далилденгенин эске алуусу керек деген пикирин маалымат жыйында баса белгилеп кетти.

 - Эгерде биз Эл аралык уюмдардын айтканы менен болсок, анда биз ким болуп калабыз? Мына июнь окуясынын болгонуна 6 жыл өтүп, жаңыдан гана элдешип, жаңыдан гана тынчтык орноп келе жатканда эки эл ортосуна бүлүк салынат. Буга кыргыз коомчулугу жол бербейт. Бүгүн маалымат жыйын өткөрсөк, эртең митингге чыгабыз, анан жөө жүрүш жасашыбыз мүмкүн. Ушуну менен эле бүтүп калбайт. Биз эскертип жатабыз. БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаровду бошотуп жибергиле деген жок. Тыкыр иликтеп, бузулган укугун калыбына келтиргиле деп айтып жатат. Ошол себептен, соттор өзүңөргө көлөкө түшпөсүн, эртең кеч болуп калбасын. Кыргызстан укуктук мамлекет дегенге шек жаратпастан, соттор тыкыр иликтеп, коомчулуктун пикирин, өзбек-кыргыз мамилесин эске алып анан бир жыйынтыкка келиши керек, - деди С.Бекботоев.

Кыргызстан Азимжан Аскаровдун иши кайра карала турган соттук отурумдарга Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттери да катышуусун сунуштады. Мындай кат менен Кыргызстан БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мунга кайрылганын кечээ Бишкекте Германия канцлери Ангела Меркел менен жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

- Биз 12 эксперттин баарын тең кабыл алууга даярбыз. Залда отуруп ар бир суроо-жоопту уксун. Керек болсо алардын бул жерде жашаган акысын өзүбүз төлөп берели, - деди А.Атамбаев.

Эскерте кетсек, 65 жаштагы Азимжан Аскаров Жалал-Абад облусунун  Базар-Коргон районунда укук коргоочулук иши менен алектенген. Сот органдары тарабынан 2010-жылдагы июнь коогалаңында "улут аралык жаңжалды козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана адам өлтүрүүгө аралашкан" деген айып тагылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Азыркы учурда Аскаров Бишкектеги №47 абакта жазасын өтөп жатат.

“Көк-Арт Инфо” Маалымат борбору.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18