МЧК: Өзбек чек арачылары кармаган 13 жаран боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат
Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектеш Чекелик айылынын чек арага жакын жеринен Кыргызстандын 13 жаранын Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткенин жергиликтүү тургундар «Азаттык» радиосуна билдиришти.
Алардын айтымында, Талас облусунан аймакка дааватка эки машине менен келген жарандарды 19-февралда эртең менен Өзбекстандын чек арачылары кармап кетишкен.
Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгы тастыктады. Расмий маалыматка караганда, чек арага жакын аймакта жүргөн Кыргызстандын жарандары чек ара кайсы жерден бөлүнөрүн билбестиктен өтүп кетишкен. «Өзбекстан чек арачылары кармаган кыргызстандык жарандардын тек-жайы такталууда жана аларды бошотуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат» деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгы.
Чекелик Өзбекстандын Фергана облусу менен чектешет жана чек аралары такталган айылдардын катарына кирет. Айылдыктар буга чейин чек араны тактоодо жол кошуна өлкөнүн аймагына өтүп кеткенин, Кыргызстандын чек арадагы бул айылына жакын аймакка Өзбекстан ок атып машыгуучу аскердик жай куруп алганын айтып даттанып келишкен.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41