KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-февралда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовду, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таировду кабыл алды.

2020-жылдын 24-январындагы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин ишке ашырылышы талкууланды.

Кызматтык-ыкчам ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын кароо боюнча коллегиялардын жыйындары өткөрүлгөнү, алардын жыйынтыгы менен укук коргоо органдарынын бир катар жетекчилери жана кызматкерлери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, айрымдары ээлеген кызмат орундарынан бошотулганы белгиленди.

Укук коргоо органдарынын бардык кызматкерлерине кызматтык тартипти бузууга жана бүтүндөй системанын беделин түшүрүүгө жол бербөөсү белгиленди. Өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу үчүн бардык чараларды көрүү тапшырылды.

Президент Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук Кеңешине караштуу Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Комитетинин экинчи жыйынынын алкагындагы бизнес өкүлдөрү менен жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер өлкөнүн бизнес-чөйрөсүн түйшөлткөн бир катар маселелерди көтөргөнүнө токтолду.

Ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга карабастан, бизнес тараптан күтүлгөндөй жигердүүлүк байкалбаганын, бул укук коргоо жана текшерүүчү органдар тарабынан негизсиз текшерүүлөрдүн жана кысым көрсөтүүлөрдүн дагы эле болуп жатканы менен да шартталарын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдары менен көзөмөл органдары ак ниет ишкерлерге колдоо көрсөтүп, мыйзамсыз текшерүүлөр боюнча фактылар аныкталса, тиешелүү чараларды көрүүлөрү керектигин кошумчалады.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюуга багытталган ыкчам аракеттер көрүлүшү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ал укук коргоо органдары менен бизнес-түзүмдөрүнүн өз ара мамилесин жакшыртуу жаатында мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы укук коргоо органдары коррупция жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүүдөн түшкөн акча каражаттары үчүн ачылган Бирдиктүү депозиттик эсепке акча которууну өз ара жарышкансып, статистикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында көпчүлүк учурда бизнестин укуктарын бузууга барып жатышкандары тууралуу көптөгөн ишкерлерден арыздануулар түшкөнүн айтып, буга жол берилбеши керектигин баса белгиледи.

Президент укук коргоо органдарынын ишинин көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн ишкерлерге кысым көрсөтүүгө жол бербөөнү тапшырды.

Өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн пикирлерин эске алуу менен Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысына Бирдиктүү депозиттик эсептин иштөөсүнүн максаттуулугу жөнүндө маселени кароо тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгына укук коргоо органдары менен бирге экономикалык кылмыштардан мамлекетке келтирилген материалдык чыгымдарды ордуна келтирүүдөн түшкөн каражаттын эсебинен укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө дем берүү жөнүндө Жобонун ченемдерин колдонуунун максатка ылайыктуулугун карап, сунуш берүүнү тапшырды.

Коопсуздук кеңешинин катчысына ордуна келтирилген финансы каражаттарынын баары түздөн-түз республикалык бюджетке түшүүсүн шарттаган механизмди иштеп чыгуу тапшырылды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12