Помпео Өзбекстандын адам укугу тармагындагы «прогрессти» кубаттады
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Ташкент, 3-февраль 2020-жыл
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кошмо Штаттар менен Өзбекстандын ортосундагы «жакшы жана динамикалуу өнүгүп жаткан» өнөктөштүктү кубаттады. Бул тууралуу ал 3-февралда Ташкентте Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолуккандан кийин билдирди.
Помпеонун айтымында, Өзбекстан адам укуктары тармагындагы жетишкендиктери үчүн жогорку баага татыктуу.
— Өзбекстан жарандык коом үчүн мейкиндикти кеңейтип, мажбурлап иштетүү көйгөйүн чечип, ЖМКларды чектөөнү бошоңдотуп жатат. Ташкент мындан ары дагы бул аракеттерин токтотпошу керек, — деди Помпео.
Мамлекеттик катчы ага чейин өлкө президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, «АКШ менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү калыптандыруудагы лидерлиги үчүн» өзбек лидерине ыраазычылык билдирген.
— Эркин жана ачык коомду түзүүгө багытталган реформаларды жасоо боюнча Өзбекстандын аракеттерине жогорку баа берем, — деп жазды Помпео «Твиттердеги» баракчасына.
Thank you @President_UZ Mirziyoyev for your leadership in forging the strategic partnership between the U.S. and #Uzbekistan. I commend Uzbekistan for its reform efforts aimed at a more free and open society with a more accountable government.
380 человек(а) говорят об этом
Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов каза болгондон кийин 2016-жылы бийликке келген Мирзиёев өлкөдө бир катар тармактар боюнча реформаларды жасоого киришкен. Бирок Freedom House эл аралык уюму Өзбекстанды «эркин эмес» өлкөлөрдүн катарынан чыгара элек. Уюм On The Net деген изилдөөсүндө өлкөдөгү интернет-чөйрө басымдан чыга элегин белгилеген.
АКШнын мамлекеттик катчысы 3-февралда Ташкентте «С5+1» форматында Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери менен жолугуп, аймактык соода, чек ара коопсуздугу, суу-энергетика тармагында кызматташуу маселелерин талкууланган.
Ага чейин Помпео Казакстанда болуп, президент Касым-Жомарт Токаев жана мурдагы мамлекет башчы Нурсултан Назарбаев менен жолуккан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52