KELECHEK
rek

Текебаев: Шыкмаматовдун «Ата Мекен» партиясынан чыгып кеткенин ЖМКлардан билдим

Текебаев: Шыкмаматовдун «Ата Мекен» партиясынан чыгып кеткенин ЖМКлардан билдим

«Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы лидери Алмамбет Шыкмаматов менен болгон пикир келишпестиктер жөнүндө комментарий берүүдөн баш тартты.

«Азаттыктын» «Эки-бир» берүүсүнүн түз эфиринде ал Шыкмаматов коштошпой туруп, партиядан чыгып кеткенин гана айтты.

«Мен анын депутаттык мандатын тапшырып, партиядан кетерин ЖМКлардан билдим. Биз сүйлөшкөн жокпуз, мындан кийин аны менен байланышкан жокмун, андыктан ага суроо бергенге мүмкүнчүлүгүм болгон жок», – дедиТекебаев.

Ошол эле маалда ал оппозициялык партиядан кадрлардын кетиши кадыресе көрүнүш экенин, «Ата Мекен» болсо азыр мурда болуп көрбөгөндөй бекем жана биримдиктүү экенин айтты.

2019-жылы 27-декабарда Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырып, «Ата Мекен» партиясынан чыкканын жарыялаган. Ал муну партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен мамилеси бузулгандыгы менен байланыштырган. «Ата Мекен» партиясынын тизмесинен чыгууга дагы төрт киши – Болот Шер, Талант Узакбаев, Ташболот Балтабаев жана Рысбек Мирзаматов арыз жазган.

Шыкмаматовдун депутаттык мандаты тизме боюнча Нурбек Сыдыгалиевге берилген. Айсулуу Мамашова фракциянын жаңы лидери болуп шайланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13