KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын жаңы төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын жаңы төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 4-февралда, бул кызматта иштеп баштагандан бери Кыргызстанга өзүнүн алгачкы расмий визити менен келген Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды.

 Мамлекет башчысы Михаил Мясниковичти ЕЭК коллегиясынын төрагалык кызматына  киришкендиги менен куттуктап, Комиссия анын жетекчилиги астында ЕАЭБдин тандап алган экономикалык багытын улантарына, евразиялык интеграцияны мындан ары да тереңдетүүгө алгылыктуу салым кошоруна ишенимин билдирди.

ЕАЭБ Кыргызстандын тышкы экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берерин баса белгиледи.

Биримдиктеги өлкөлөр менен мындан ары да натыйжалуу жана жемиштүү кызматташууга, ошондой эле евразиялык аймакта интеграциялык процесстерди кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Михаил Мясниковичке жакынкы келечекке белгилеген пландарын ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жолугушуу үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди.

Тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү ырааттуу жоюу жана ошондой эле Биримдиктин алкагында соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү боюнча Комиссиянын артыкчылыктуу милдеттери жөнүндө айтып берди.

ЕАЭБке карата үчүнчү өлкөлөрдүн кызыгуусу артып жатканын белгиледи. Михаил Мясникович бул кызматта ЕАЭБке мүчө болгон бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу менен ишмердүүлүгүн жүргүзөрүнө ишендирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12