KELECHEK
rek

Чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалдарга катышуу үчүн жазаны катаалдатуу сунушталууда

Чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалдарга катышуу үчүн жазаны катаалдатуу сунушталууда

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чет өлкөлөрдө куралдуу жаңжалдарга катышкан жарандар үчүн жазаны катаалдаштырууну сунуштоодо. Кылмыш кодексине киргизиле турган тиешелүү өзгөртүүлөр коомдук талкууга коюлду.

Жазык кодексинин жаңы редакциясынын 243-беренесинде – “Терроризм актысын жасоо үчүн жалдануунун же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары даярдыктан өтүүнүн белгилери болбосо, Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттердин аймагында куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерге катышуусу” – өтө оор эмес жаза катары эсептелип, 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

УКМК аталган берене «Жалданмачылык» беренесине окшош экенин, бирок бул жерде катаал жаза колдонуларын белгилейт.

УКМК чет өлкөдө согуштук аракеттерге катышуу өлкөнүн коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратарын эске салууда. Азыркы мыйзамдарга ылайык, өтө оор эмес кылмыш үчүн соттун чечими боюнча пробациялык көзөмөл колдонулушу ыктымал. Бул учурда чет өлкөлөрдө террорук даярдыктан өтүп келген жаран эркиндикте жүрүп, кылмыш жасашы мүмкүн деп айтылат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда чет мамлекеттерде куралдуу жаңжалдарга катышкандарды 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажыратуу, муну оор кылмыштардын катарына киргизүү каралууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53