Ат-Башыда логистикалык борборго байланыштуу митинг өттү
Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда 28-январда тынчтык митинги өттү. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назгүл Мүсүралиева билдирди.
Ал райондук акимчиликтин маалыматына таянып, митингге 50-60 киши катышканын, көпчүлүгү Ат-Башы базарында соода кылгандар экенин, ар бир айылдан 2-3 киши келгенин айтып берди:
- Негизги талабы – индустриялык соода-логистикалык борборду Кытай инвестору курса каршыбыз, курдурбайбыз, ал эми өзүбүздүн кыргызстандык ишкерлер курса ошого макулбуз деген талаптарды айтышыптыр. Бул талапты жогору жакка жеткиребиз деп түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин тынч тарап кетишти.
Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта борбор куруу долбоорун ишке ашыруучу «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканасына кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат. Кыргыз ишкеринин айтымында, логистикалык борборду салыш үчүн Лю Ин 280 миллион доллар каражатты түз инвестиция кылат. Башкача айтканда, мамлекеттен эч кандай кепилдик келишимдери жок.
Курулушка каршы болгондор логистикалык борбор үчүн ижарага берилген жер кийин Кытайга өтүп кетет деп чочулашат.
2000-жылдардын башынан бери эле жергиликтүү бийлик Ат-Башыга соода терминалы салынарын билдирип, инвестор издеп келет.
Жаңы курулушка каршы жыйын 13-январда да өткөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41