Анжиянда үйүн конфискациялоого каршы өзүнө өрт койгон тургун каза болду
Анжиян облусунда 31 жаштагы жергиликтүү тургун Хушнуд Гойибназаров күйүктөн алган жаратынан улам ооруканада каза болду. 21-январда ал үйүн конфискациялоого келген Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлеринин көзүнчө өзүнө өрт койгон.
Өткөн жумада маркумдун эжеси Гульбахор Омонова иниси Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлери андан үйүн бошотуп берүүсүн талап кылгандан кийин өзүнө өрт койгонун билдирген.
– 2013-жылы анын үйү күрөөгө коюлуп, башка бирөөнө өтүп кеткен экен. Иним суукта кайда барам деп жума күнгө чейин убакыт берүүнү суранган. Бирок инспекторлор макул болбой коюшкан, андан соң ал үстүнө бензин чачып, өрт койгон,— деген эжеси.
26-январда Effect.uz сайты Мажбурлап аткартуу бюросунун бул окуя боюнча билдирүүсүн жарыялады.
— Бюро соттун чечимдерин талкуулабайт. Инспекторлор мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимдерин аткарууга милдеттүү», – деп жазылган билдирүүдө.
Учурда Анжиян райондук прокуратурасы Гойибназаровдун өлүмү боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Акыркы жылдары Өзбекстанда кыймылсыз мүлкүн коргоо үчүн жарандар өзүнө өрт койгон учурлар көп катталууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53