
Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү саясатына тоскоолдук, саботаж кылуу – бул өлкөнүн келечегине кыянатчылык кылуу менен барабар

«Санариптештирүү саясатына тоскоолдук, саботаж кылуу — бул өлкөнүн келечегине кыянатчылык кылуу менен барабар», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында.
«Коопсуздук кеңештин чечимдерин ишке ашырууга формалдуу мамиле кылган чиновниктерге биз кайдыгер карап отура албайбыз. Андай жоопкерчиликсиз жетекчилерден арылабыз. Өлкөнү санариптештирүү саясатын ишке ашырууга дараметиңер жетпей жатса, кызматыңарды таштоого мажбур болосуңар», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Президент Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр, Жогорку Соттун төрайымы жана Президенттин Аппараты министрликтерди, ведомстволорду максималдуу колдоп, өлкөнү санариптештирүү саясатын тездетүү керектигин баса белгиледи.
Ар бир министрден, ведомство жетекчисинен тартып катардагы оорукананын, мекеменин, мектептин жетекчилери санариптештирүү үчүн керт башы менен жоопкерчилик аларына өзгөчө токтолду.
«Коррупциянын негизги себепчиси болгон адамдар ортосундагы өз ара алаканы санариптештирүү гана жоё алат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы санариптештирүү боюнча Коопсуздук кеңеш кабыл алган чечимди аткарууну тездетүү керек деген талап — объективдүү факторлор менен шартталганын кошумчалады.
«Маалымат технологиялары абдан тез өзгөрөт. Ар бир күндү текке кетирүү биздин өлкөнүн санариптүү дүйнөдөн артта калуу тобокелдигин жаратат. Буга жол бере албайбыз», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12