Казак премьер-министри Масимов Монголияга барды
Иш сапары менен Монголияда жүргөн Казакстандын премьер-министри Карим Масимов кечээ суу ташкындан жабыркаган Баян-Ульгий шаарына барды.
Премьер-министрдин расмий сайтында айтылгандай, Масимов Монголияга Европа жана Азия өлкөлөрүнүн саммитине (ASEM) катышуу үчүн барды. Саммиттин алкагында Масимов бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт деп күтүлүүдө.
Баян-Ульгий аймагында Карим Масимов жергиликтүү казак диаспорасы менен жолугат. Масимов 10-июлда Баян-Ульгийде суу ташкындан жабыркаган үй-бүлөлөргө Казакстан гуманитардык жардам берет деп билдирген. Астана кандай өлчөмдөгү көмөк көрсөтөрүн ал тактаган жок.
Казакстандын премьер-министринин сайтындагы маалыматка ылайык, Улан-Батордо өтчү Европа жана Азия өлкөлөрүнүн саммитинде ааламдык каржы-экономикалык каатчылыктын кесепеттерин жоюу, калыптанып калган жана жаңы коркунучтарга туруштук берүү, климат жана айлана-чөйрө маселелери талкууланат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12