Орусия Махачкалада уурдалгандардын туугандарына 120 миң евро төлөөгө милдеттендирилди
Адам укуктары боюнча Европа соту 2012-жылдын январында Дагестандын Махачкала шаарында уурдалган эки жашоочунун туугандарына Орусияны 123 миң евро төлөп берүүсүн милдеттендирди.
«Кавказский узел» басылмасы билдиргендей, Сиражудин Алиев менен Газимагомед Абдулаевди Махачкаланын борбордук бөлүгүндө куралчан, жол кайгуул кызматкерлеринин кийимин кийген адамдар токтоткон. Алар экөөнү унаасынан күчкө салып чыгарып, кишен тагып, белгисиз тарапка алып кеткен. Окуяга көптөгөн адамдар күбө болгон. Европалык сотко кайрылган туугандарынын айтымында, уурдалган адамдарды алгач полиция бөлүмүнө алып барып, андан кийин Ставрополь крайына алып кетишкен. Андан кийинки тагдырлар боюнча кабар жок.
«Кавказский узел» белгилегендей, өлкө бийлиги уурдоо фактын танбайт, бирок күч түзүмдөрү катышканын четке кагууда.
Европа соту Орусия Алиев менен Абдулевдин эркиндик, кол тийбестик жана жашоого болгон укугун бузду деген тыянак чыгарды. Сот эсептегендей, аларды каза тапкан деп таануу оң болот. Ошондой эле уурдоо фактын иликтөө жетиштүү деңгээлде жүрбөй жатат деген бүтүм чыкты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









