Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Нурболот Мирзахмедов дайындалды
Бүгүн, 23-январь күнү Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Нурболот Мирзахмедов дайындалып, аны облус коомчулугуна биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырды.
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан кетти. Анын ордуна мурда КР Өзгөчө кырдаал министри болуп иштеп турган Нурболот Мирзахмедов дайындалып, кечээ 22-январда Өкмөт башчынын буйругу чыккан.
Актив алдында жаңы дайындалган Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов сөз сүйлөп, мурдагы өкүл Кыянбек Сатыбалдиевге ыраазычылык билдирип кетти. Ошондой эле, ал сөзүндө бул облус ага жат эмес экендигин, өзү Сузак районунун акими болуп иштеп турганда, бир топ ийгиликтердин жаралышына түрткү болгондугуна токтолду. Мындан ары актив менен биргеликте облустун өсүп-өнүгүшүнө салым кошууга бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын баса белгилеп кетти.
Акырында, биринчи вице-премьер-министр К.Боронов облустун активинде сөз сүйлөп, өткөн жылдагы социалдык-экономикалык жетишкендиктерге кыскача токтолуп кетти.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13