KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Афганистандын Кыргызстандагы Элчиси Мохаммад Исса Месбахты дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Афганистандын Кыргызстандагы Элчиси Мохаммад Исса Месбахты дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-январда, Афганистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мохаммад Исса Месбахты дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Мохаммад Иса Месбахтын кыргыз-афган мамилелерин бекемдөөгө кошкон салымына токтолуп, Афганистан менен карым-катнашты тереңдетүү өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Акыркы жылдардагы эки тараптуу кызматташуунун оң динамикасын, ошондой эле Афганистандын Президенти Мохаммад Ашраф Ганинин Кыргыз Республикасына 2019-жылдын июнь айында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйынына катышуунун алкагында жасаган ийгиликтүү иш сапарын жана 2019-жылдын апрелиндеги Афганистандын тышкы иштер министри Салахуддин Раббанинин биринчи расмий визитин канааттануу менен белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Мохаммад Исса Месбахка бекем ден соолук, бакубаттуулук жана ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Афганистандын Элчиси Мохаммад Исса Месбах Кыргызстанда өтөгөн дипломатиялык миссиясынын учурунда ар дайым эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш-аракет кылганын баса белгиледи.

Өз ишин жүргүзүүдө демилгелерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн өлкөнүн жогорку жетекчилигине ыраазычылык айтып, кыргыз-афган эки тараптуу кызматташуусу мындан ары да жемиштүү өнүгө берерине ишенимин билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12