KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы Дача-Су айылында самолеттун кыйрашынан улам жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы Дача-Су айылында самолеттун кыйрашынан улам жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-январда, 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-Су айылында учактын кыйрашынын кесепетинен өз жакындарын жоготкон балдар менен салттуу  жолугушуусун өткөрдү.

Мамлекет башчысы Дача-Су айылында «Боинг-747» жүк ташуучу учактын кыйрашынын кесепетинен ондогон жарандардын, алардын ичинде жаш балдардын курман болушу бүткүл кыргыз эли үчүн трагедиялуу окуя болгонун кайгыруу менен белгиледи.

Адамдардын курман болгондоруна байланыштуу дагы бир жолу көңүл айтып, бул алардын жакындары жана туугандары үчүн гана эмес, бардык кыргызстандыктар үчүн  орду толгус оор жоготуу болгонун баса белгиледи.

Тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан алардын ар кандай социалдык-тиричилик маселелерин чечүүгө дайым көңүл бурулуп турарына ишендирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков авиакырсыктын кесепетинен өздөрүнүн жакындарын жоготкон балдарга бекем ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалады.

Курман болгондордун жакындары жана туугандары өлкөнүн жогорку жетекчилиги тарабынан көңүл бурулуп, колдоо көрсөтүлүп жаткандыгы үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдиришти. Өздөрүнүн жашоо-тиричилигиндеги маселелери жөнүндө айтып беришти.

Жолугушуунун соңунда Сооронбай Жээнбеков балдарга эстеликке белек катары китептерди жана электрондук планшеттерди тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Президенти менен жолугушууга жакындарынын коштоосунда Жакшылык Шералиев, Султан Абакиров, Элайым Райымкулова, Мирлан Нурланов, Эрлан Шаршенбеков жана Сайкал Карыпбаева келди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12