Жалал-Абад: 56 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып берилди
Төрөлгөндөн кийин тийиштүү документтери жок балдар мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү социалдык жана медициналык жардамдарды алуусуна көйгөйлөр жаралып келет. Буга чейин Жалал-Абад шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы шаардык мэрия менен биргеликте 56 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алынып берүүгө көмөктөштү.
Тийиштүү тармактардын кызматкерлери тарабынан шаар аймагында үймө-үй кыдыруу жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында ар түрдүү себептер менен балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу көйгөйлөрү бар үй-бүлөлөр аныкталган. Өткөрүлгөн иш аракеттердин жыйынтыгында атайын соттун чечими менен күбөлүктөрдү алууга жетишилген.
Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлеринин кыдырууларынын алкагында 2018-жылы 49, ал эми 2019-жылы жалпы 40 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болуп чыккан.
Бул багыттагы көйгөйлөрдөн арылуу максатында, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жеткиликтүү иш аракеттер алып баруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын токтом кабыл алынган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13