Казак бийлиги Актөбө облусуна орусиялык ракетанын сыныктары түшкөнүн ырастады
9-январда Актөбө облусунун Ногайты айылына жакын жерге орусиялык ракетанын сыныктары түшкөн. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги кабарлады.
Мекеменин 11-январдагы билдирүүсүндө ракета Орусия ижарага алып колдонгон Казакстандын аскердик полигонундагы машыгуу маалында атылган.
— Ракетанын сыныктары түшкөн аймакта курмандыктар жана жабыркагандар жок. Калк үчүн эч кандай коркунуч жаралган эмес. Учурда ал жер полициянын курчоосуна алынып, тиешелүү кызматтын өкүлдөрү иштеп жатышат. Окуянын себептерин аныктоо менен Актөбө облустук акимчилигинин алдында түзүлгөн комиссия алектенет, — деп жазылган билдирүүдө.
10-январда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Өзгөчө кырдаалдар департаментинин аймактык башкармалыгы Ногайты айылына жакын жерге белгисиз металлдын бөлүктөрү түшкөнүн ырастаган. Ага чейин жергиликтүү тургундар жерде жаткан сыныктардын күйүп жатканы тартылган видеолорду Интернетке жайгаштырышкан.
Орусия Казакстандагы үч аскердик полигонду ижарага алып, зениттик-ракеталык комплекстери менен абадан коргонуу каражаттарын сыноо үчүн жана Орусиянын аймагынан учурулган ракеталар үчүн бута катары колдонуп келет.
2016-жылы Казакстандын Коргоо министрлиги ижарага алынган ар бир гектар жер үчүн Орусия 2 доллар 33 центтен акча төлөй турганын билдирген. 2017-жылы Москва Актөбө облусунун Мугалжар районундагы Эмба полигонун колдонууну токтотконун жарыялаган.
Буга чейин казакстандык активисттер бир нече жолу Орусияга полигондорду ижарага берүүнү жана Байкоңур космодромунан аба кемелерин учурууну токтотууну талап кылышкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









