KELECHEK
rek

Канада премьер-министри: Украиналык авиалайнер иран ракетасы тарабынан атып түшүрүлгөн

Канада премьер-министри: Украиналык авиалайнер иран ракетасы тарабынан атып түшүрүлгөн

Жастин Трюдо

8-январда Тегеранда кулаган украиналык авиалайнер “жер-аба” классындагы иран ракетасы менен атып түшүрүлгөнү тууралуу көз карандысыз булактардан алынган маалымат бар. Бул тууралуу Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо билдирди.

Трюдо авиалайнер кокустан атып түшүрүлгөн болушу ыктымал экенин айтты.

Настоящее Время@CurrentTimeTv

Премьер-министр Джастин Трюдо заявил, что украинский авиалайнер был сбит иранской ракетой класса "земля-воздух" https://www.currenttime.tv/a/trudeau-iran-ukrainian-boeing-crash/30368977.html …

Встроенное видео

215

03:51 - 10 янв. 2020 г.

Информация о рекламе в Твиттере и конфиденциальность

102 человек(а) говорят об этом

"Украинанын эл аралык аба жолдору” компаниясына таандык учак 8-январда таңга маал Ирандын борбору Тегерандан Киевди көздөй учуп чыгары менен эле кырсыкка кабылган. Борттогу 176 кишинин баары мерт болгон. Өлгөндөрдүн арасында 63 Канада жараны бар. Алардын көбү университет менен колледждердин студенттери менен мугалимдери болгон.

Трюдо бул окуяны өтө кылдат иликтөө зарыл экенин кошумчалады.

Буга чейин америкалык басылмалар АКШ өкмөтүндөгү көз карандысыз булактарга таянуу менен учак иран ракетасы тарабынан жаңылыштык менен атып түшүрүлгөнүн жазышкан. Өз кезегинде Иран жарандык авиациясы бул маалыматты “абсурд” деп атаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52