Изилдөө: Тажикстандыктар кийим сатып алууга жылына 30 доллардан коротушат
Тажикстандын ар бир тургуну кийим сатып алууга (бут кийимди кошпогондо) жылына 300 сомониден (30 доллар) коротот. Бул тууралуу Эл аралык соода борбору тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөдө айтылган.
Жыл башында жарыяланган изилдөөгө ылайык, орусиялыктар кийим сатып алууга жылына 260 доллар, кыргызстандыктар 30-35 доллар, өзбекстандыктар 35-50 доллардан акча сарпташат.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, тажикстандыктардын кийимдери кыйла көп түрдүү болгону менен, өлкөнүн катардагы жашоочусу бул максатта аз акча коротот. Тажикстанда акыркы жылдары кийим-кече сатып алууга байланышкан чыгашалар азайган. Алсак, өлкө жарандары 2013-жылы кийим сатып алууга 39 доллардан, 2014-жылы 42 доллардан сарптап келишкен.
Изилдөөнүн авторлору бул багыттагы чыгашалардын азайышын эмгек мигранттары которгон акчанын кыскаргандыгы менен байланыштырышууда. 2013-жылы Орусиядагы тажик жарандары мекенине 4 миллиард доллар которсо, 2015-2016-жылдары бул көрсөткүч 1,5 миллиард долларга чейин төмөндөгөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38