Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылга карата бюджеттик саясаттын негизги багыттары менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда, Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды.
Мамлекет башчысы 2019-жылы каралган республикалык бюджеттин аткарылышы жана 2020-жылга карата бюджеттик саясаттын негизги багыттары жана параметрлери менен таанышты.
Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева маалымдагандай, 2019-жылдын январь–декабрь айларында Мамлекеттик бажы кызматынан түшкөн каражат 43296,3 млн сомду түзүп, 2018-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 1624,4 млн сомго көп болгон.
Мамлекеттик салык кызматынан түшкөн киреше 62632,8 млн сомду түзүп, 2018-жылдын көрсөткүчүнө караганда 567,8 млн сомго өскөн.
2019-жылдагы расмий которуулардын көлөмү 13275,4 млн сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 4059,3 млн сомго көбөйгөн.
Министр 2020-жылда республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 163710,4 млн сом деп пландалып жатканын билдирди.
Ошондой эле мамлекеттин тышкы карыздарын башкаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берилди.
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Улуттук өнүктүрүү стратегиясында бир катар артыкчылыктуу багыттар аныкталганын эске салды.
Мындан тышкары, Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында стратегиялык милдеттерди жана иш-чараларды, соттук-укуктук реформаны ишке ашырууда жетиштүү каражат талап кылынат.
Ошону менен бирге мамлекет тарабынан социалдык милдеттерди так аткаруу, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн натыйжалуулугун катуу көзөмөлгө алуу зарылчылыгын белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бюджеттик саясатынын негизги багыттары конкреттүү жыйынтыктарга багытталышы керектигин баса белгиледи.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38