Ирак парламенти чет өлкөлүк аскерлерди чыгарууну колдоду
Иракта парламент чет өлкөлүк аскерлердин баарын өлкөдөн чыгарууга багытталган резолюция кабыл алды. Буга Багдаддагы эл аралык аэропорттун жанында Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулеймани өлтүрүлгөнү негиз болду.
Мыйзам чыгаруучулар Ирактын аймагынын, анын ичинде аба жана суу мейкиндиктеринин чет өлкөлүктөр тарабынан колдонулушуна тыюу салуу чараларын кабыл алуу өтүнүчү менен өкмөткө кайрылган.
Резолюцияга ылайык, өкмөт «Ислам мамлекети» террордук уюмуна каршы түзүлгөн коалиция менен макулдашууну токтотот.
Анын алдында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адил Абдул Махди АКШ баштаган бир катар мамлекеттер менен болгон мамилени кайрадан карап чыгуу зарыл экенин билдирген.
Ирак өз аймагында Касем Сулеймани өлтүрүлгөнүнө байланыштуу Кошмо Штаттарды «өлкө эгемендигине шек келтирди, ички ишке кийлигишти, эл аралык мыйзамдарды жана нормаларды бузду» деп айыптаган.
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «Кудс» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани 3-январда Багдад аэропортунун жанында аба соккусунан мерт болгон. Анда таасирдүү командир түшкөн автоунаага дрондон сокку урулганы айтылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52