Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 3-январда өлкөнүн Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту.
2019-жылдагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары, 2020-жылы социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлорду жана стратегиялык артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруу тууралуу пикир алышуу болду.
Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында 2023-жылга чейинки артыкчылыктуу багыттарды, аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланды.
Президент өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясат экономиканы өнүктүрүүгө багытталган чаралардын комплексин камтыганын баса белгиледи. Анын ичинде үй-бүлө институту, балдарды коргоонун социалдык деңгээлине таасир тийгизген ички миграцияны азайтуу максаты да коюлат.
Муну эске алуу менен бул жылы мамлекет өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо боюнча үй-бүлөлүк салттарды бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурат.
«2020-жылы Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында областтарды инфраструктуралык жактан өнүктүрүү, жер-жерлерде ишкердикти колдоо, өлкөнү санариптештирүүнү улантып, балдарды жана балалыкты социалдык жактан коргоону күчөтүү зарыл», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Кайчылаш жылынын жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын алкагындагы иш-чараларга көңүл бурду.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аткаруу бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, Өкмөттүн 2020-жылга карата пландары жана милдеттери, республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалымат берди.
Мамлекет башчысы белгилеп өткөн бардык багыттарды ишке ашыруу өзгөчө көзөмөлдө экенин баса белгиледи.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









