KELECHEK
rek

Кудроводо тажик менен өзбек мигранттары кайрадан мушташып кетишти

Кудроводо тажик менен өзбек мигранттары кайрадан мушташып кетишти

Кечээ Санкт-Петербургдун четиндеги Кудрово айылында тажик жана өзбек мигранттарынын ортосунда мушташ чыкты. Араздашуунун жыйынтыгында бир нече адам кармалып, бирөө ооруканага түшүп калды.

Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча ички иштер органдары кечээ түнү, болжолу саат 03:40та, Кудрово айылында мигранттардын ортосунда массалык мушташуу болгонун кабарлады.

Аймактык полициянын басма сөз борборунун маалыматы боюнча чырдын жыйынтыгында бир адам орто жаракаттары менен ооруканага жеткирилди. Билдирүүдө айтылгандай, полиция кызматкерлери окуя болгон жерге тез жетип барып, мушташып жаткандары бөлүштөрүп, бир нече адамды кармап кетти. Санкт-Петербургдун полициясында учурда бул факт боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатканын кабарлашты. Ал эми кармалган мигранттар Орусиядан чыгарылат.

Полиция мушташка канча адам катышканын айткан жок. Күбөлөрдүн билдиришинче, ондогон киши болгон. Айрым маалымат каражаттары мигранттар мас болуп, аларга эскертүү берген жатакананын комендантын сабап киришкен деп жазууда. Комендант гастарбайтерлер туулган күндү өтө катуу майрамдап жатканына наарызылыгын айткан.

Акыркы эки жумада Санкт-Петербургдун Кудрово айылында экинчи жолу мигранттардын массалык мушташы чыгып отурат. 27-июнда кечинде ушул жерде Борбор Азиядан келген мигранттар менен дагестандыктар мушташып кеткен. Күбөлөрдүн айтымында, араздашууга катышкандар жүзгө чейин жетет. Алар таяк, таш, арматура колдонгон. Травматикалык куралдан ок атылганы угулган. Жыйырма чакты адам кармалган болчу.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...