KELECHEK
rek

Тажикстанда мамлекеттик гезит нааразылык иретинде «актай бет» менен жарык көрдү

Тажикстанда мамлекеттик гезит нааразылык иретинде «актай бет» менен жарык көрдү

Хатлон облусунда жергиликтүү аткаминерлер журналисттер менен кызматташуудан баш тартышканы үчүн «Тахти Кубод» (Кубод такты) гезитинин биринчи саны актай чыкты. Редакция муну менен бийликке нааразылыгын билдирди.

«Тахти Кубоддун» башкы редактору Алолат Сайфуллоеванын гезиттин экинчи бетинде жарыялаган макаласында «биринчи бет – ар бир чиновник өз жүзүн көрө турган күзгү» экенин жазган.

«Тахти Кубод» гезити – Кубодиен райондук акимчилигинин расмий басылмасы, сегиз беттен турат, жумасына бир жолу чыгат жана аймактагы жападан жалгыз жалпыга маалымдоо каражаты.

Гезитте жарым ставка менен эки мугалим иштейт.

«Билбейм, «актай барак» район башчысына жана башка чиновниктерге жакпайт болуш керек. Бирок мен журналистмин, бийлик бир-эки журналист аймактагы бардык көйгөйдү чагылдыра албасын түшүнүшү керек. Бул мен үчүн маанилүү. Көйгөй болсо толтура», - деди Адолат Сайфуллоева.

Эл аралык уюмдар Тажикстанда көптөгөн көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары басым жана цензурадан улам ишин токтотуп, бир катар журналисттер өлкөдөн чыгып кеткени үчүн бул өлкө бийлигин сындап келет.

Тажикстанда цензурадан улам гезиттер «актай барак» менен буга чейин да чыгып келген. Бирок мамлекеттик басылма бул кадамга биринчи жолу барууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...