
Орус банктары күрөөгө коюлган 17 миң өзбек унаасын камакка алды

GM Uzbekistan’дын мурунку башкы директору жана “Узавтосаноат” компаниясынын төрагасынын экс-орун басары Тохиржон Жалилов, ошондой эле өзбек-америкалык унаа ишканасынын жогорку кызматтагы адамдары орус банктарынан насыя алып, мүлк жана бизнестерди сатып салышкан.
Банктарда күрөөгө коюлган 17 миң унаа камакка алынганы кабарланууда.
GM Uzbekistan компаниясындагы каржылык алдамчылыкты иликтеп жаткан тергөө тобунун документтеринде келтирилген зыяндын өлчөмү жарым миллиард долларды түзөт деп айтылат.
Айрым маалыматтар боюнча Москвадагы “РАВОН МОТОРС РУС” ишканасына жөнөтүлгөнгө чейин Гайрат Ниязов Ташкентте суракка алынган. Ал көп жылдар бою Өзбекстандын унаа өнөр жай тармагында жетектөөчү кызматтарды ээлеген. Эки башка булак билдиргендей, Гайрат Ниязовго “кандай жол менен болсо дагы” 500 млн доллардык карызды жабуу милдети илинген.
Бийликке жакын булактын айтымында, Ниязовду GM Uzbekistan’дын башкармалыгында америкалык өкүлдөр калтыргысы жок. Алар ишканадагы жемкорлук тууралуу билдирүүлөр АКШнын Адилет министрлигинин назарына түшүп калышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Орусияга келген Гайрат Ниязов келтирилген зыяндын ордун толукташ үчүн камакта отурган Тохиржон Жалиловдун мүлктөрүн сата баштады.
Учурда Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында отурган Жалиловдун Орусияда ири ишканалары жана кыймылсыз мүлктөрү бар экени аныкталган. “Узавтосаноатадагы” булак айтып бергендей, Тохиржон Жалилов миллиондогон каржылык алдамчылыктын аткаруучусу гана болду. Ал эми идеаны көтөргөн жана ага жооп берген адамдар дагы деле жогорку кызматтарда отурат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38