Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына 8 миллион евро грант бөлдү
Европа биримдиги 23-декабрда өкмөттүн эсебине 8 миллион 50 миң евро өлчөмүндө грант которду. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка караганда, Европа биримдиги 2020-жылга чейин Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн өкмөткө 32 миллион еврого колдоо көрөтөт.
«ЕБнын бул программасынын максаты – билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын иштеп чыгууга жардам берүү, билим берүүнүн сапатын жана окуучулардын жетишкендигин баалоо системасын жакшыртуу, көп тилдүү билим берүүнү алдыга жылдыруу, мамлекеттик каражатты башкарууну илгерилетүү. Мындан тышкары гранттык каражат китептерди сатып алууга, республикадагы мектептерди Интернет менен камсыздоого дагы багытталат», – деп айтылат билдирүүдө.
Билим берүү тармагында жаңы программа баштоо тууралуу келишимге 2019-жылы июлда кол коюлган. Буга окшогон мурдагы программа 2014-жылы башталып, 2018-жылы аяктаган. Анын алкагында өлкөгө 32 миллион евро бөлүнгөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30