KELECHEK
rek

WP: АКШ Орусияга каршы киберчабуул тактикасын иштеп чыкты

WP: АКШ Орусияга каршы киберчабуул тактикасын иштеп чыкты

АКШ Орусияга каршы киберчабуул тактикасын иштеп чыкты. Бул тууралуу The Washington Post гезити өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, киберчабуулдардын тактикасы Москва Кошмо Штаттардагы 2020-жылкы шайлоого кийлигишүүгө аракет кылса колдонулат. Чабуул Орусиянын жогорку кызматтагы аткаминерлерине, атайын кызматтын өкүлдөрүнө жана ири ишкерлерге каршы багытталат. Вашингтон алгач аларга шайлоого кийлигишүүнү токтотуу талабы жазылган кат жөнөтүлөрүн, болбосо алар тууралуу жашыруун маалыматтарды жарыялап, өз кызыкчылыктарына пайдалана тургандыгын билдирүүдө.

The Washington Post белгилегендей, дагы бир стратегия — орус элитасынын арасында жаңжал чыгаруу үчүн жалган маалыматтарды жайылтуу.

Быйыл мартта атайын прокурор Роберт Мюллердин командасы Орусиянын АКШдагы 2016-жылкы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү тууралуу иликтөөсүнүн жыйынтыктарын жарыялаган. Эки жылга созулган иликтөө Москва Кошмо Штаттардагы шайлоо жараянына таасир этүүгө аракет кылганын далилдеген. Бирок тергөөчүлөр Дональд Трамптын шайлоо штабы менен Кремлдин ортосундагы байланышты таба алышкан эмес. Москва башка өлкөлөрдөгү шайлоолорго кийлигишкендиги тууралуу маалыматтарды четке кагып келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52